top of page
Логотип HTC белый.gif

«Котормочулук иш» багытынын окутуучулары кесиптик тtegерек столго катышты

2026-жылдын 21-ноябрында гуманитардык-техникалык колледждин «Котормочулук иш» багытынын окутуучулары Бишкектеги «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өткөн «Котормочулук кызмат үчүн техникалык стандарттар жана тарифтер маселелери» темасындагы кесиптик тегерек столго катышты. Иш-чараны «Кыргыз Республикасынын Котормочулар союзу» коомдук бирикмеси уюштурду.

Жолугушууга практик котормочулар, котормо агенттиктеринин өкүлдөрү, окутуучулар жана тармактын адистери катышып, оозеки жана жазуу жүзүндөгү котормонун кесиптик жана техникалык стандарттарын, кызматтын сапатына коюлуучу талаптарды, котормочунун ишин уюштуруу өзгөчөлүктөрүн жана котормо кызматынын баасын калыптандыруу маселелерин талкуулашты.

Биздин багыт үчүн бул иш-чара котормочу кесибине илимий-методикалык гана эмес, практикалык жактан да карап көрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк болду. Негизги максат: заманбап котормо тармагын тереңирээк түшүнүү, эмгек рыногунун талаптары менен таанышуу жана билим берүү процессин чыныгы кесиптик иш менен тыгыз байланыштыруу.

Биздин жалпы милдет: чет тилдерин билген бүтүрүүчүлөрдү гана эмес, заманбап котормо ишинин чакырыктарына даяр, компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана талап кылынган адистерди даярдоо.

bottom of page