top of page

Программисттин күнү

12-сентябрда колледжде Программисттин күнүнө арналган кызыктуу викторина болуп өттү.

Мелдешке ПОВТиАС багыты боюнча экинчи курстун командалары катышты.
Студенттер Kahoot оюнунда күч сынашып, логикалык маселелерди чечип, "каршылаштарга тапшырмалар" аталышындагы суроолорду чыгарышып, баарын шыктануу, командадык дух жана жылмаюу менен аткарышты 😊

🏆 Викторинанын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алар татыктуу кол чабууларга жана таануулукка ээ болушту!

Майрам кубанычтуу, пайдалуу жана чыныгы программисттердин духунда — логика, креатив жана позитив менен өттү! 💡

bottom of page