Математика мелдеши — акылдын чыныгы күчү!

7-октябрда математика боюнча онлайн-турнир болуп өттү. Ага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Сербия, Түркия жана башкалардан 1100дөн ашык мектеп окуучулары катышты 🌍!
Бул турнирде биздин колледжди сыймыктануу менен «Интеграл» аттуу командасы өкүлчүлүк кылды. Команда курамына ПОВТиАС багытынын 1-курсунун студенттери кирип, жетекчиси — Тюнина Валентина Николаевна болду:
Юнусова Адина, Асланов Камиль, Давлеталиев Аймен, Усупбеков Бекжан,
Гадизова Марьям, Абдымусаев Алымбек, Тюменбаев Алинур,
Лумазходжиев Амир жана Сабырбеков Салымбек 👏
«Сила ума» долбоорунун эксперти Георгий Вольфсон модераторлук кылган турнирде катышуучулар 20–60 секунд ичинде өзгөчө жана логикага негизделген татаал тапшырмаларды аткарышты.
💡 Бул турнир — эрудицияны, креативдүүлүктү жана ылдам ой жүгүртүүнү көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болду.
Командабызды катышуусу жана татыктуу оюн көрсөтүүсү менен куттуктайбыз!