Токмок шаарынын мэриясына экскурсия
Гуманитардык-техникалык колледжинин укук таануу багытынын студенттери, окутуучу Эрик кызы Асель менен биргеликте Токмок шаарынын мэриясында окуп жаткан курстардын алкагында болушту.
Экскурсиянын максаты студенттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши менен тааныштыруу болгон. Студенттер мэриянын ар кандай бөлүмдөрү кандай иштеп жатканын жана шаарды өнүктүрүү үчүн негизги чечимдер кандай кабыл алынганын көрө алышты.
Мындан тышкары студенттердин эң актуалдуу суроолоруна Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Осмоналиев Жаныбек Исраилович жооп берди. Ал мэриянын калыптануу тарыхын, учурда шаар мэриясы эмне менен алектенип жатканын жана шаарга тиешелүү келечек пландары тууралуу айтып берди.
Экскурсия колледж студенттери менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты бекемдөөгө жардам берди, бул келечектеги биргелешкен демилгелерге алып келиши мүмкүн.