NASA Space Apps Challenge локалдык турунда 1-орун!

Маанилүү жаңылыкты сыймыктануу менен бөлүшөбүз: ПОВТжАС багытынын эки командасы “IT-124” жана “Antares” Чүй облусундагы NASA Space Apps Challenge локалдык турна катышты.
“Antares” командасы 1-орунду ээледи! 🏆
Бул кызыктуу идеяларга, командалык ишке, эмгекчилдикке жана пайдалуу чечим түзүүгө умтулууга толгон, эки күнгө созулган көз жаздымда калбас тажрыйба болду. Бардык катышуучуларга, уюштуруучуларга жана насаатчыларга колдоо көрсөткөндүгү, жаңы билим бергендиги жана өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн рахмат.
Командалар үчүн бул жеңиш жөн гана жыйынтык эмес, ошондой эле алдыга жылууга, өнүгүүгө жана жаңы бийиктиктерди багындырууга чоң шыктануу! 🌍✨
Аларды декабрь айында өтө турган NASA Space Apps Challenge глобалдык тур күтүп турат.
Командаларга глобалдык турда ийгилик каалайбыз! 🚀
