Туризм программасы туристтик иш аракеттерди жүргүзүү жана уюштуруу жаатында практикалык кесиптик билим алууга каалаган жарандарга багытталган. Силер туристтик фирмаларда көптөгөн иш көндүмдөрүн аласыңар, силердин туристтик өнүмүңөрдү өткөрүүнү, экскурсияларды иштеп чыгууну, туризмди өнүктүрүү үчүн ачык иш чараларды алып барууну үйрөнөсүңөр
ПРограмманын максаттары
1. Студенттин эмгек рыногунда ийгиликтүүлүгүнө жана мобилдүүлүгүнө жардам берүүчү анын социалдык инсандык сапаттарын жана “жумшак” көндүмдөрүн калыптандыруу
2. Туризм чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө жөндөмдүү, “катуу” кесиптик, универсалдуу компетенцияларга ээ болгон бүтүрүүчүнү даярдоо
окуунун натыйжалары
1. Жалпы гуманитардык, табигый илимдер боюнча билимдерин колдонуп, сергек жашоонун жол-жобосун сактап, азыркы турмушта жөндөмү бар жана айлана-чөйрөнү сактоого аракеттенет.
2. Толеранттуулук, өз маданий деңгээлин өстүрүүгө умтулуу сапаптары бар
3. Жоопкерчиликтүү жана стресске туруктуулугу бар, оор кырдаалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтө алат
4. Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде коммуникативдук көндүмдөргө ээ, Комплекстүү туристтик кызмат көрсөтүүгө уюштуруу көндүмдөрү бар, Тур оператордук кызмат көрсөтүү технологиясын билет
5. Туристтик өнүмдү калыптандырат, өткөрө алат, ишке ашыра алат
6. Өзүнүн уюштуруучулук көндүмдөрүн пайдаланып, туристтик уюмунун функционалдык бөлүмдөрүнүн ишин башкара алат
7. Ар түрдүү маалымат булактарын өз алдынча таап, натыйжалуу пайдаланат
8. Туристтик багытын иштеп чыгууда кесиптик көндүмдөрүн колдоно алат
9. Туристтик кызмат көрсөтүү рыногунун маркетингдик маалыматтарын колдоно алат
10.Топто натыйжалуу иштеп, топтук ишинин натыйжаларын көрсөтө алат, топтун мүчөлөрүнүн иштери үчүн жоокерчиликти өзүнө жүктөй алат
ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫ
ОКУТУУЧУ
САБАК
E-mail
Исламова А. Г.
Программанын башчысы “Туризм”, окутуучу