1. Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз.
Салам. Менин атым Алиева Салима 19 жаштамын. Мен IUCA 2022 бүтүрүүчүсү болом жана учурда Италияда 100% грант менен окуп жатам
2. Студенттик жылдарыңыз тууралуу кыскача айтып берсеңиз. Эң эсте калган көз ирмемдер.
Студенттик жашоо эң сонун учур. IUCAга келгенде жашоом 180 градуска өзгөрдү. Мен англис тилин катуу үйрөнө баштадым, ар дайым ар кандай иш-чараларга катышып, эч нерседен кем калбадым.. Эң кызыктуу, эстен кеткис студенттик жылдар. Бул убакыт бейкапарлыкка толгон.
Студенттик жашоо мага чоң кубаныч тартуулады. Алгач студент болуп калганымды билгенде сүйүндүм, кийин жаңы тааныштар, достор.
3. Кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз жана аларды кантип жеңдиңиз?
Колледждеги эң чоң кыйынчылыгым англис тилин үйрөнүү болчу. Баа эмес, билимдин артынан түшчүмүн, башында абдан кыйын болду, бирок мен күн сайын англис тилин үйрөнүп, англисче кино көрүп, өз алдынча тексттерди окуп, семестр сайын бааларым көтөрүлүп жатты…
4. Чет элдик университетке кантип тапшырып калдыңыз?
Колледжде 3-курста окуп жүргөндө, анан даярдана баштадым, документтерди чогулта баштадым, менде көптөгөн тандоолор бар болчу, мен көптөн бери грант жана стипендия менен университеттерди издеп жүрүп, акыры Италияда токтоп калдым.
Негизи бир жыл болду, процесс абдан узак болду, университеттен чакыруу келгенде 3 ай күттүм, анан визамды 4 ай күттүм…. Бирок күтүү баарын актады.
5. Италиядагы жашоо жөнүндө бир аз айтып бериңиз. Кыргызстандын турмушунан эмнеси менен айырмаланат?
Учурда Сицилияда, Мессинада жашайм. Мен деңиз менен тоолор мени курчап турган жерде жашайм. Бул укмуштуудай шаар, анда бардыгы аралашкан: хаос жана тарых, макарон, бюрократия жана байыркы уламыштар, иш таштоо, туристтерге толгон аянттар жана модалуу барларга жык толгон аллеялар.
Италиялык менталитет. Субъективдүү фактор. Бардыгы адамдын өзүнөн көз каранды. Кыргыздардын негизги мүнөзү жумшактык, көпкөйлүк болсо, анда ал италиялыктар менен тил табышаары талашсыз.
Көптөгөн италиялыктар абдан тез сүйлөшөт жана сүйлөө темпине көнүү абдан кыйын.
6. Биздин студенттерге кеңеш бере аласызбы?
Биринчиден, коркпо, ач. Бул жерде системалуу болуу, жаңы нерсенин баарын сынап көрүү жана ката кетирүүдөн коркпоо маанилүү. Бир жолу болбой калды, башка жолу чыгат, муну менен токтоп калба. Өзүңө чоң максаттарды кой. Биринчиден, алдыңыздагы максат канчалык укмуш болсо, ошончолук бийиктиктерди багынта аласыз. Эгер саякаттоого мүмкүнчүлүк болсо, аны жаса. Саякаттар кооз жерлерди көрүүгө гана мүмкүндүк бербестен, көз карашыңызды кеңейтүүгө, жаңы таанышууларга, дүйнө таанымыңызды өзгөртүүгө, жаңы жерлерди табууга жана өзүн-өзү ишке ашырууга, ачылыштарга жана келечекке шыктанууга жардам берет.