Skip to content
  • Город Токмок
  • Колледж
  • РусскийРусский
  • EnglishEnglish
Гуманитарно-технический колледж МУЦА
  • Колледж
    • ГТК жөнүндө
    • ГТКнын офистери
      • Студенттик бөлүм
      • Китепкана
      • Финансылык офис
      • Саламаттык сактоо кызматы
      • БАЭУнун карьера өркүндөтүү борбору
      • Билим берүүнүн сапатын камсыздоо бөлүмү (ББСКБ) 
      • Окуу бөлүмү
      • Конок үйү
    • ГТКнын структурасы
    • Расмий документтер
    • Вакансиялар
    • Байланыш маалыматы
  • Академиялык багыты
    • Компьютердик программа жана автоматташтырылган тутумдар
    • Котормочулук иши
    • Мектепке чейинки билим берүү
    • Туризм билим берүү программасы
    • Укук таануу багыты
  • Студенттерге
    • Студенттик сенат
    • Сынак тартиби
      • Schedule Fall 2019 – 1 курс
      • Schedule Fall 2019 – 2 курс
      • Schedule Fall 2019 – 3 курс
    • Time Table
  • Окууга өтүүчүлөргө

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү

 

Лицензия: № С2019-0022

Аккредитация: Сертификат VK180000170

Кесиби: Мектепке чейинки билим берүү

Адистиги: мектепке чейинки тарбиялоочу

Окуу мөөнөтү: 9-класстан кийин – 2 жыл 10 ай

11-класстан кийин -1 жыл 10 ай

 

Колледжди бүтүргөндөн кийин, бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын атайын орто билим берүү боюнча жана Американын эки дипломун  алышат

Мектепке чейинки билим берүүнүн маанисин жогорулатуу  дүйнөлүк багыттардын  бири болуп саналат. Бакчага барган балдар жакшы билим берүүнүн бардык баскычтарында үйрөнүшөт жана турмушта ийгиликтүү болушот. Ошондуктан, 2015-жылы мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, бул программа уюштурулган.

 

Билим берүү системасы

ГТКда билим берүүнүн өзгөчөлүгү демократиялуулукта,академиялык чындыкта жана эркиндикте.”Мектепке чейинки билим берүү” программасы кеңири адистештирилген сабактарды сунуш кылат.Анткени чоң аракет чет тилин үйрөнүүгө жасалат,колледжди аяктагандан кийин,бүтүрүүчүлөр чет тилин гана билбестен,аны балдар билим берүу мекемесинде окутууга мүмкүнчүлүк алышат.  Аудиториялар жана компьютердик  лабораториялар жаңыча үлгүдө жасалгандыктан,биздин студенттер интернет булактарында иштегенди жакшы билишет жана үй тапшырмаларын,долбоорлорду,кейстерди аткаруу үчүн күнүгө маалымат технологияларын колдонушат. 

 

Кесиптик дисциплиналардын тизмеси

  • Адистикке киришүү
  • Жалпы педагогика
  • Мектепке чейинки педагогика
  • Түзөтүү (Коррекциялык) педагогикасы
  • Педагогикалык чеберчиликтин негизи
  • Жаш курак анатомиясы,физиология жана гигиена
  • Балдар адабияты жана көркөм окуу
  • Мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруунун жана мазмунунун териялык негизи
  • Балдардын кебин өстүрүүнүн ыкмасы
  • Мектепке чейинки балдарды математикалык өнүктүрүү ыкмасы
  • Экологиялык билим берүүнүн ыкмасы
  • Музыкалык тарбиянын ыкмасы
  • Дене тарбиянын ыкмасы
  • Жалпы психология
  • Курактык психология
  • Психологиялык-педагогикалык практикум
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде англис тилин окутуунун теориялык-практикалык негизи жана аны окутуунун ыкмасы
  • Чыгармачылык окуу
  • Эне тили
  • Сүрөт тартуу ишмердиги жана сүрөт тартууну окутуу ыкмасы
  • Көркөм кол эмгеги жана конструкциялоо боюнча практикум
  • Кесиптик ишкердиктеги КТК
  • Инклюзивдүү билим берүү

 

Иш менен камсыз болуу жана андан ары билим алуу:

“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” колледждин программасын  бүтүргөндөн кийин, бүтүрүүчү тандап алган кесибин жогорку окуу жайларды өз мекенинде жана чет өлкөдө окуусун  уланта алат. Ошондой эле, колледждин бүтүрүүчүсү балдарга билим берүү мекемеде гана  иштей алат деген пикирлерге, ойлорго  карабастан,   мугалимдердин билим берүү кесиби боюнча башка кызыктуу иштерге да талап кылынат:

Мектепке чейинки курак  үчүн билим берүү борборлорун түзүү-логика-математикалык шыгын өстүрүү,мектепке даярдоо,өнүктүрүүчү оюндар;азыркы учурдабул өтө маанилүү жана кирешелүү тармак жана албетте,педагогикалык билимин талап кылат.

Балдар азыктарын өндүрүү (адабият, оюнчук, тамак-аш)- бул педагогикалык билимдин талабы болгон  окутуунун дагы бир түрү болуп саналат.

Мектепке чейинки билим берүүдөгү тарбиячы– бул мектепке чейинки балдарды тарбиялоо жана окутуу менен алектенген мугалим.

Англис тил мугалими-азыркы учурда бул кесип абдан талап кылынат,ошондой эле квалификациялуу мугалимдер табылбаганы бар.

Балдарды мектепке даярдоо-бул балдарды биринчи класска берүүдө керектүү критерий.

Беби-ситер-бул ата-энеси жок болгон учурда баланы карап баккан педагогикалык билими бар ишеничтүү адам.

Тьютор-бул окутуунун ыкмалары жана жекече программалардын  иштелмелери менен алектенген,устат болуп  эсептелет.

Аниматор- балдардын оюн-зоок иш-чараларын жана көңүл ачуучу иштерин уюштуруучу болуп саналат.

Экскурсиялык иштерди жүргүзүүчү -балдарга билим берүүдө экскурсиялык иш негизги ажырагыс бөлүгү болушу керек.

 

Биздин окутуучулар  курамы:

Сардарбекова Аяна Нурдиновна

«Мектепке чейинки билим берүү» программасынын окутуучусу жана жетекчиси.

Ж.Баласагын атындагы КМУнин социалдык-гуманитардык илим факультетин бүтүргөн.

Дисциплиналары: “Адистикке киришүү”,”Психологиялык-педагогикалык практикум”.

Иш тажрыйбасы: 8 жыл

E-mail: sardarbekova_a@iuca.kg

 

Сатарова Замира Калыковна

«Мектепке чейинки билим берүү» программасынын окутуучусу

ОАЭУнин (МУЦА) педагогика бөлүмүн бүтүргөн.

Дисциплиналары: “Эне тили”, “Мектепке чейинки окуучулардын математикалык өнүгүүсүнүн ыкмасы”, “Англис тилин окутуунун теориялык-практикалык негизи жана  мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде аны окутуунун ыкмалары”

E-mail: satarova_z@iuca.kg 

 

Ирина Анатольевна Низовская

“Мектепке чейинки билим берүү”бөлүмү боюнча профессор, билим берүүнүн баалоо чөйрөсүндө адис, Art (АӨБ долбоору, Тарбиялоочу колледж, Колумбия University) билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик стандарттарды иштеп чыгуучу, UNICEF  Дүйнөлүк банк боюнча эксперт, Aгахан фонду боюнча тренинг материалдарын жана усулдук иштелмелерди  иштеп чыгуу эл аралык сертификациалоо машыктыруучусу.

Иш тажрыйбасы: 46 жыл

E-mail: nizovskaya_i@iuca.kg

 

Татьяна Викторовна Архипова

“Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” педагогикалык илимдердин  доценти,эске алуу менен билим берүүнүн адиси

1-класстар үчүн орус, кыргыз жана өзбек тилдеринде  “Мекен таануу” окуу китебинин ээси.50дөн ашык басылмалардын автору

Иш тажрыйбасы: 10 жыл

E-mail: arkhipova_t@iuca.kg

 

Лейла Максутовна Серикова

“Мектепке чейинки билим берүү” багыты боюнча  окутуучу “Филологиялык билим берүү”багыты боюнча  магистр

ЖОЖнын студенттери үчүн англис тилинде үйдө окуу үчүн  китебинин автору А.К. Mukarapova, O.R. Балута, L.M. Serikov “Илхам”китебинин автору.

Иш тажрыйбасы: 21 жыл

E-mail: serikova_l@iuca.kg

 

Сатыбалдиева Айчурек Абдырахмановна

2001- жылдан 2006- жылга чейин  И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде окуган.
Факультети:  “Лингвистика жана маданияттар аралык байланыш”
Кесиби: Лингвистика жана маданияттар аралык байланыш”
Дисциплиналары: Англис тили  кесиптик ишмердүүлүгү.

Иш тажрыйбасы: 10 жыл

E-mail: satybaldieva_a@iuca.kg

Karaeva Zhanna Isabekovna

Lecturer of Preschool education, specialist in the direction of “Socio-cultural activity. Manager of the vocal and instrumental ensemble ”.

Disciplines: “Rhetoric”, “Music and Rhythmics”, “Methods of musical education”

Work experience: 13 years.

E-mail: karaeva_j@iuca.kg

 

Анастасия Павловна  Ржавская

«Мектепке чейинки билим берүү»бөлүмүнүн окутуучусу,Кыргыз Республикасынын билим берүүдөгү Мыктысы,КРнын дзюдо боюнча спорттун мастери, Эл аралык дзюдо боюнча категориянын судьясы.

Дисциплиналары:  «Дене тарбия методикасы», «Жаш курак анатомиясы,физиология жана гигиена». 

Иш тажрыйбасы: 25 жыл.

E-mail: rzhavskaya_a@iuca.kg

 

 

Бурыгина Татьяна Витальевна

Билими: 2016-2020ж.Кыргыз- Россиялык Билим Берүү Академиясы  

Факультети:  Психология жана  педагогикалык бөлүмү.

Кесиби: Жалпы психология, бакалавр.

Багыты: психология, магистратура

Дисциплиналары: Коррекциялык  педагогика

Иш тажрыйбасы: 4 жыл.

E-mail: burygina_t@iuca.kg

 

Исламова Анжела Геннадьевна

«Туризм» программасынын жетекчиси , Гуманитардык -техникалык колледждин окутуучусу. Ж.Баласагын атындагы КМУнин  география факультетин жана Туризм Кыргыз  Академиясын бүтүргөн.  Магистрдин бөлүмү  «Туризмдеги менеджмент».

Дисциплиналары: « Экологиялык тарбиянын методикасы»

Иш тажрыйбасы: 22 жыл.

E-mail: islamova_a@iuca.kg

 

Эпп Татьяна Дмитриевна

«Мектепке чейинки билим берүү»бөлүмүнүн окутуучусу.

 2014- жылдагы «Жыл мугалими»конкурсунун жеңүүчүсү,  кружок боюнча автордук программанын жеңүүчүсү.

 Дисциплиналары:  “Сүрөт тартуу ишмердиги жана сүрөт тартууну окутуу ыкмасы”, “Көркөм кол эмгеги жана конструкциялоо боюнча практикум”

Иш тажрыйбасы: 26 жыл.

E-mail: epp_t@iuca.kg

 

Асекова Жылдыз Дуйшебаевна

«Педагогика»бөлүмүнун жетекчиси, педагогикалык илимдин кандидаты, доценттин ордун басуучу.

Дисциплиналары:  «Психология»

Иш тажрыйбасы: 26 жыл..

E-mail: asekova_zh@iuca.kg