Биз жөнүндө
«Гумманитардык-техникалык колледж БЭАУ» (ГТК БЭАУ) — жаш бирок билим берүүнүн динамикалуу өсүшүнө жетишип жаткан,орто кесиптик билим берүү уюму. БАЭУ ГТК ортоңку звенодогу кесип ээлерин даярдоочу билим берүү программаларын гана ишке ашырбастан,ошондой эле чоңдордун жана балдардын кошумча билим берүү программаларын ишке ашырат. БАЭУ ГТК азыркы заманга ылайык жана эң талап кылынып жаткан: «Компьютердик программа жана автоматташтырылган тутумдар», «Туризм», «Укук таануу», «Мектепке чейинки билим берүү», «Котормо таануу» кесиптерге окууну сунуштайт. Колледж 2020-жылдан баштап, өз билим берүү ишмердүүлүгүндө аралыктан окутуу технологиясын колдонот.
Биздин окуу мекемебиздин негизги артыкчылыгы: азыркы заманга ылайык окуу программасы менен эң талап кылынып жаткан кесипке ээ кылуу, мамлекеттик жана Америкалык үлгүдөгү диплом алуусу, студенттер практика өтүү менен кийин жумуш ордун табуусу, кирүү сынагы жок Борбордук Азиядагы Эл Аралык Университетине билимин уланта алуусу, ошондой эле США өнөк-ЖОЖдо (North Park University, Чикаго; Roskford University, Рокфорд; Azusa Pacifik University, Калифорния; Wesleyan University, Миддлтаун) иш тажрыйбасын өтө алуусу болуп эсептелет.
Эгер Сиз мыкты юрист болгуңуз келсе,квалификациялуу котормочулук,туризм тармагында кесибин билген,креативдүү техник-программист же өзүңүздү баланы окутууга жана тарбиялоого арнагыңыз келсе, биздин колледж Сизди күтөт жана Сиз келечекке жол тандооңуз туура экендигине кепилдик берет.
максат
Азыркы инновациялык технологияларды колдонуу менен инсанга багытталган билим берүү моделин ишке ашыруу
МИССИЯ
БААЛУУЛУКТАР
гткНын структурасы
